Бишкекте Баткен окуясында каза болгон жоокерлерди эскерүү иш-чаралары болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларында өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн коргоодо аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чарага курман болгондордун үй-бүлөлөрү, ошондой эле Баткен окуясынын катышуучулары чакырылды.Район башчылары курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакын туугандарына көңүл айтып, ошондой эле ошол окуяларга катышкан жана азыркыга чейин Ата-Мекенге кызмат кылып жаткан аскерлерге ыраазычылык билдиришти.
Белгилей кетсек, социалдык өнүктүрүү департаментинде Баткен окуясынын 388 катышуучусу каттоодо турат, аларга 2000 сомдон бир жолку материалдык жардам төлөнөт. Курман болгон жоокерлердин 10 үй-бүлөсү 10 000 сомдон, майыптыкты алган 2 катышуучу 5 000 сомдон алышат.