7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен районунун бир нече айылдарын суу каптап, эгин талаалар ташка толду

1208

Баткен районунун Согмент, Газ жана Күртөң айылдарын сел каптады. Бул тууралуу “7-каналдын” Баткен облусундагы кабарчысы Алтынай Мырзадөөлөт кызы маалымдады.

Анын айтымында, сел кечээ 12-июлда кечки саат 19:00дөр чамасында болгон. Суу 11ден ашуун турак жайды каптап, 20дан ашык короодогу эгин талааларын жууп, огороддор менен унаа өтүүчү жолдор шагыл таштарга толуп  калган.  Ошондой эле 5 жандыкты суу агызып кеткен. Жалпы чыгым 27 миллион сомду түздү. Учурда Ош облусунан атайын техникалар келип тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө.

7 үй коопту деп табылып, ал үйлөрдө жашагандарга атайын чатырлар тигилди. Ал эми Кыштут айыл аймагына өзгөчө кыдаал режими киргизилип, 5 чакырымдан ашык жол жараксыз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1209