7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен жана Согди облусунун башчылары жолукту

629

Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын башчылары Абдикарим Алимбаев менен Раджоббой Ахмадзода жолугушту.

Президенттин Баткен облусундагы өкүчүлүгүнөн билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 14-июнда Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймагында өттү. Жолугушууга ошондой эле Баткен жана Согди облусунун чектеш райондорунун акимдери жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Жетекчилер акыркы бир айдын ичиндеги чек арадагы кырдаалды талкуулашты. Ошондой эле эки облустун деңгээлинде түзүлгөн жумушчу топтордун, белгиленген багыттар боюнча иш аракетин улантуусу белгиленди.

Жолугушууга УКМКнын Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жана Тажикстандын Чек ара кызматынын башчысы Ражабали Рахмонали да катышып, өз багыттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптардын жолугушуусу биринчи кезекте чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо, коопсуздукту камсыздоо максатын көздөйт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

630