Баткен облусунун башчысы Омурбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода, бүгүн 29-апрелде чек арадагы абал боюнча эки ирет телефон аркылуу, кырдаалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүшкөн.
Бул тууралуу өкмөтүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.
Өкмөт өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана Баткен районунун акими Акылбек Орозовдор, чек арада топтолгон жарандар менен жолугуп, жаралган бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүү үчүн, бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтып, элге кырдаалды курчутпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Жетекчилер абал күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө экенин айтып, элди үйлөрүнө тарап кетүүгө чакырып жатышат.
Аймакта эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да жолугуп, сүйлөшүүдө.