7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен жолдорун оңдоого Япония 48 техника акысыз берет

490

«Баткен облусунун автомобиль жолдорун жана жол катмарын тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу» гранттык долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен TOYOTA TSUSHO CORPORATION компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлду.

Кол коюу аземи Токио шаарында өтүп, Ырысбек Бариев баштаган министрликтин өкүлдөрү катышты.

Япон эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан кайтарымсыз негизде каржылана турган бул долбоор жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, транспорттук логистиканы жакшыртуу, Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол төшөлмөсүн, ошондой эле эл аралык маанидеги магистралдарды тейлөө үчүн жол-курулуш техникаларын колдонуу менен калыбына келтирүү жана реабилитациялык иштерди жүргүзүү потенциалын күчөтүү максатын көздөйт.

Долбоордун алкагында 2025-жылы Кыргызстанга заманбап жол-курулуш техникалары (48 даана), анын ичинде асфальтобетон заводу жана таш майдалоочу жабдуу берилет.

491