7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде 40 баш кой, 10 эчки муктаж үй-бүлөлөргө таратылып берилди

476

Кечээ, 3-декабрда Баткен шаарынын Кызыл-Жол айылында башкаларга үлгү болорлук ири саамалык өттү. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Аталган айылда 7 миңден ашуун калк жашайт. Бул айылдын имамдарынын жана “Абу Бакр” атындагы мечитинин имамы Кожали Абазовдун демилгеси менен жалпы 20 үй-бүлөгө, тагыраак айтканда  атасынан эрте ажыраган жетим балдарга 3 төн кой, аз камсыз болгон муктаж  үй-бүлөлөргө 1 кой, 1 эчки белекке берилди.

Имамдын айтымында, кайрымдуулук иш-чарасына демөөрчүлүк кылган дал ушул Кызыл-Жол айылынын тургундары. Алардын  кээ бирлери короодогу малын берсе, кээси акчалай жардам колун сунушкан.

Саамалыктын негизги максаты элдин бири-бирине көмөктөшүп, социалдык абалынын жакшырышына өбөлгө түзүү жана берешен, кайрымдуу болууга үндөө болуп эсептелерин имам Кожоали Абазов билдирди.

477