7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде аймактарды өнүктүрүү боюнча стартаптардын жарышы жыйынтыкталды

234

21-апрелде Баткен шаарында “BATKEN 4.0: Аймакты ѳнүктүрүү үчүн санариптик чечимдер” аталышында стартап-хакатондун финалдык беттеши болуп өттү. Иш ара 18-марттан 21-апрелге чейин уланып, Жалпысынан 90 катышуучу катышты. Жыйынтыгында финалга 15 команда чыгып, өз идеяларын жана санариптик чечимдерин сунушташты.

Хакатондун негизги максаты — жаштардын инновациялык демилгелерин колдоо аркылуу Баткен жергесинин өнүгүшүнө салым кошуу болуп саналат. Иш-чара инновациялык технологиялар менен аймактык маселелерди чечүүгө багытталган.

Программа алкагында катышуучулар бизнес-идеяны түзүүдөн тартып, минималдуу даяр продуктуну иштеп чыгууга чейинки этаптарды өтүштү. Ошондой эле менторлор менен иштеп, өз долбоорлорун жакшыртууга мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чара И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен Баткен мамлекеттик университети тарабынан  Германия эл аралык кызматташтык уюму, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиги жана Эл аралык электробайланыш союзунуну колдоосунда өткөрүлдү.

235