Баткенде банктан пайызга акча алдырып, изин суутуп кеткен жаран Ош облусунан кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Баткен шаарынын 38жаштагы тургуну К.Ж. 2023-жылдын апрель айынын башында 35 жаштагы А.Н. чогуу дыйканчылык кылабыз деп 450 (төрт жүз элүү миң) сом банктан пайызга акча алдырып, акчасын алдоо жолу менен алып, ушул күнгө чейин алдап бербей жүргөндүгүн билдирип арыз менен кайрылган.
Аталган факт Баткен ОИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чаранын негизинде кылмышка шектүү А.Н. Ош облусунун Кара-Суу районунда качып жүргөн жеринен кармалган.
Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.