7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пара Азия оюндарында жеңишке жеткен спортчуларга акчалай сыйлык тапшырылды

188

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов президентинин жана министрлер кабинетинин атынан Ханчжоу шаарында өткөн IV Азиянын пара оюндарына катышып жеңиш менен кайтып келген кыргызстандык спортчуларды куттуктады.

Белгилей кетсек, Хусан кызы Хайитхон дзюдо боюнча алтын медаль, Жалалдин Абдувалиев жеңил атлетика боюнча күмүш, Жүзбаева Гүлназ жеңил атлетика боюнча коло медаль тагынышкан.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктардын сертификаттары тапшырылды.

“Кыргыз эли жана биздин Президент сиздердин пара спортундагы жеңишиңиздер жана ийгилигиңиздер менен сыймыктанат. Паралимпиадалык спорт коомубуздун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Сиздердин жетишкендиктериңиздер биздин балдарыбыздын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын сергек жашоого болгон кызыгуусун арттырууга чоң түрткү болот. Биздин спортчулар эл аралык аренада өлкөнүн намысын татыктуу коргоп, жыл сайын медалдарды багындырып келишет. Албетте, бул Кыргызстандын ар бир жаранына чоң кубаныч жана сыймыктануу тартуулайт. Биздин спортчулар мындан ары дагы өлкөнүн намысын татыктуу коргойт деп ишенем. Биз мындан ары сиздерди колдоону улантабыз”, — деди Байсалов.

Биринчи орунга 1 млн 250 миң сом, экинчи орунга 750 миң сом, үчүнчү орунга 500 миң сомдук акчалай сыйлыктардын сертификаттары каралган.

Эскерте кетсек, Пара Азия оюндарында кыргызстандын курама командасы 4 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 1 коло) жеңди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

189