7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде чек ара окуяларынын курмандыктары эскерилди

595

Бүгүн Баткен шаарында 2021-жылдын апрелиндеги жана 2022-жылдын сентябрындагы чек ара окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, бул күнү чек ара курмандыктарынын элесине арналып тургузулган эстелик мемориалына гүл чамбарлар коюлуп, куран окулду.

Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баштаган жетекчилер жана чек ара окуяларында курман болгон жарандардын жакындары катышты.

Ошондой эле чек ара окуяларында курман болгондордун ата-энелери, жакындары тарабынан бышырылган сүмөлөк ачылып, жалпы катышуучулар тынчтык тилеп сүмөлөктөн даам татышты.

Андан тышкары, Абдикарим Алимбаевдин кичи футбол боюнча кубогу расмий ачылып, оюн башталды. Мелдеш чек арадагы куралдуу жаңжалдарда баатырларча курман болгон жарандардын жаркын элесине арналган.

 

596