2001-жылы туулган Гаухорой Абдукаххарова 21-апрель күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБ билдирет.
Учурда анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: Бою 160-170 сантиметр, өңү кара-тору, кашы көзү кара, чачы кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Кара түстөгү жолук, кызыл түстөгү халат, көк түстөгү жайкы сланцы болгон.
Дайынсыз болуп жаткан жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, 102, (03736) 5 02 61, 0997 30 10 15 номурларына ччалсаңар болот.