7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде жабылган мекемеде иштейм деп айлык алып жүргөн сотмедэксперт аныкталды

1035

Баткен облусунун соттук-медициналык экспертиза бюросунда кызмат адамдарынын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарындагы химиялык лаборатория 2020-жылдан бери иштебей турган, бирок лаборатория кызматкер маал-маалы менен жумуш ордун кыдырып, өзүнүн кызматтык милдеттерин иш жүзүндө аткарбагандыгына карабастан айлык маяна алып жүргөн.

Тергөөгө чейинки аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 1 миллион 254 миң 200 сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, ага карата зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп, андан соң тиешелүү юридикалык баа берилмекчи.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1036