7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде жаңы курулган ооруканада 5 наристе төрөлдү

709

Баткен районунун Самаркандек айылында жаңы курулган оорукананын төрөт бөлүмүндө үч уул жана эки кыз жарык дүйнөгө келди. Эне-балдардын абалынан президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев кабар алып, белектерин тапшырды.

Облус башчысы наристелерге узун өмүр, бекем ден соолук каалап, кыргыздын керегине жараган уул-кыздардан болушуна тилектештигин билдирди.

Белгилей кетсек, аталган оорукана облус борборунан 50 чакырым алыстыктагы чек ара айылдарынын калкына медициналык кызмат көрсөтөт.

Бейтапкана үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу ачылып, пайдаланууга берилген. Аталган оорукана чек арада жайгашкан Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айыл аймактарынын социалдык көйгөйүн жеңилдетүү максатында мамлекет башчысынын жеке колдоосу менен курулган. Ал жалпы 75 орунга ылайыкташкан.

710