7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде жаңы мектептер курулат

723

Баткен облусунун Лейлек районундагы Алга жана Лайли айылдарында бирден жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтында маалымдалат.

Аталган долбоорлорго Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан тендер жарыяланган. Алга айылындагы мектеп 225 орунга ылайыкталган. Имараттын курулушуна 85 млн 321 миң 869 сом бөлүнгөн.

Ал эми Лайли айылындагы билим берүү мекемесинин долбоорунда имарат 150 орунга ылайыкталган, бирок долбоорду ишке ашырууга көбүрөөк каражат, тактап айтканда, 138 млн 223 миң 945 сом бөлүнгөн.

Объектилерди куруунун шарттары подрядчы менен келишим түзүлгөн учурда аныкталып, каражат дароо которулат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

724