7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде жарандарды эвакуациялоо иши жүрүүдө

449

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынын карата берген маалыматы боюнча, Баткен облусунун аймагында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып турат.

УКМКнын Чек ара кызматы Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча атышуу уланып жатканын белгилейт. Буга байланыштуу убактылуу жайгаштыруу пункттары уюштурулуп, Баткен жана Лейлек районунун аймагындагы жергиликтүү эл көчүрүлүүдө.

«ӨКМнен атайын техника жана Жарандык коргонуу кызматтарынын Транспорт кызматынан бус унаалары камсыздалды. Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамыркановдун жетекчилигинде тийиштүү иш-чаралар аткарылууда»,-деп берилет маалыматта.

Кошумча маалымат берилет.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

450