7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткендеги «Головнойду» оңдоодо жана тетиктерди алууда акча жеген кызматкерлер аныкталды

572

Баткен облустук суу-чарба башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери мамлекетке 3 млн сомго жакын зыян келтиришкендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Көк-Таш айылындагы “Головной” суу бөлүштүргүч жайын оңдоп-түзөө жана ага тийиштүү тетиктерди сатып алуу үчүн жарыяланган тендер боюнча, аталган башкармалыктын жооптуу кызматкерлери жумуш аткаруучуларга мыйзамсыз түрдө 1 миллион  657 миң 851 сом которушкан. Алар мамлекеттик сатып алуулардын талаптарын бузуп, өз кезегинде аталган объекттин оңдоп-түзөө иштерин аткарышкан эмес.

Ошондой эле, Баткен районунун Ак-Сай жана Капчыгай насостук станцияларын куруу боюнча тендерди өткөрүүдө, жогорудагы жооптуу кызматкерлер мамлекеттик сатып алуулардын талабына каршы келгендигине карабастан, тендерде көрсөтүлгөн кызматтар үчүн эң жогорку бааны сунуштаган тарапты жеңүүчү деп табышкан. Анын кесепетинен мамлекеттен кеткен ашыкча чыгым 602 миң 503 сомду түзгөн.

Мындан сырткары, аталган башкармалыктын кызматкерлери 651 миң 396 сомду сый акы жана иш сапар чыгымдары катары мыйзамсыз чыгыштап, ал каражаттарды өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Жооптуу кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттеринен улам, мамлекетке жалпы 2 916 880 сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Материалдар Жазык  кодексинин 320-беренеси (Кызматтык аблынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

573