2015-жылдан бери Кыргыз Республикасына ташууга тыюу салынган оң рулдуу унааларды мыйзамсыз легалдаштыруунун туруктуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, «Ак-Тилек» жол көзөмөлдөө пунктунан 15 жеңил автоунаа менен 2 оор жүк ташуучу унаа текшерилип, транспорт каражаттарынын каттоо (кайра каттоо) күбөлүктөрү, алдын ала берилгендиги аныкталган. Алардын кээ бирлеринин кузовторунун идентификациялык номерлери транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүндө көрсөтүлгөндөргө дал келген эмес.
Аталган жасалма күбөлүктөр Чүй облусундагы «Унаа» мамлекеттик ишканасы тарабынан берилген.
Учурда бул ишке тийешеси бар кызмат адамдарын аныктоо жана жоопко тартуу боюнча ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалыматка ылайык Юстиция министрлигинин алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо департаменти коррупциялык схемага аралашкандыгы аныкталган.