7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сонунбү Кадырова Кайрат Иманалиевди кызматтан кетирүүнү сунуштады, болбосо…

10914

«Ким чын ниети менен өз ишине берилип иштесе, ал адамдын жолу ачылат. Болбосо Кайрат Олжобаевичке окшоп бир жерден болбосо бир жерден абийири айрандай төгүлүп калат», — дейт Сонунбү Кадырова.

Анын айтымында, Кайрат Иманалиев жел толтурулган атактын ээси. Анткени ал президенттин болгон сапарларынын баарында жүрөт, бирок кандай маселе бүтүрүп келип жаткандыгы тууралуу коомчулукка маалымат берилбейт.

«Четке баргандан көрө Кыргызстанды кыдырып, маданият кызматкерлеринин турмушу менен жеринен таанышып, ошого жараша план- программа иштеп чыкса, маданиятка чоң пайда болмок. Ошентип жүрүп бул жактагы чоң спорттук саамалык абдан начар өттү. Президентти катардагы эле бир кызматкердин деңгээлине түшүрүп, эл алдында кадырын кетирди. Бул өтө одоно ката. Сөгүш аздык кылат. Кызматтан кетириш керек. Эгер Иманалиев кетпесе Садыр Нургожоевичтин бетине чиркөө болот. Душмандары каалагандай калчай башташат», — дейт ал.

Ошондой эле ал, Кайрат Иманалиев Президенттин жанында жүрө берип субординация деген нерсени унутуп, каалагандай калчаганы ачык эле билине баштаганын кошумчалады.

«Дос болсо өзүнчө боло берсин, элди, элдин башында турган адамды жетекчи катары сыйлаш керек да. Өлкөнүн башындагы адам катышып жаткан эң жогорку деңгээлдеги эл аралык майрамды гимн менен ачпай, оозу ачылып программанын боткосун чыгарды. Акыры элдин алдында кармана албай калган деңгээлге жеткирди. Ошол жерде сөгүш жарыяланганы, бул да болсо өтө жумшактык, сабырдуулук болду. Болбосо ошол жерден кызматтан кетире турган иш кылды. Сөгүш жарыялаганы туура эмес деп айткандар Жапаровго күйбөгөндөр, президент катары сыйлабагандар деп айтаар элем», — дейт сөзүнүн аягында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

10915