7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткендеги куралдуу кагылыштан Эламан Ураимов өзү менен кошо бир нече душманды жардырган

539

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Эламан Ураимов 28 жашында көз жумду. Ал Кара-Суу районундагы өзү туулган Савай айылында 18- сентябрь жерге берилген.

Апасынын айтымы боюнча, Эламан кичинекей кезинен эле военный болууну кыялданчу. Ошондой эле ал өзүнүн иши дегенде бардык нерсени таштап барчу эле. Жумушун аябай сүйчү.

«Ал курчоодо калса да, өзү эле эмес, он чакты душманды кошо граната жардырып, ала кетиптир. Эламандын эл үчүн, жер үчүн өз өмүрүн да аябай, эрдик кылганын эл туура баалап эле, туура кубаттап жатышат», — атасы Курстан Бегиев.

“Балдарына өтө мээримдүү ата эле, балдары менден караганда атасын катуу жакшы көрүшчү”,- деген Эламан Ураимовдун жубайы.

28 жаштагы Эламан Ураимов Бишкектеги генерал-майор Дайыр Асанов атындагы аскер лицейин бүтүрүп, кийин Аскер институтун аяктаган. Эки жыл Жалал-Абад облусундагы «Скорпион» полкунда кызмат кылып, 2017-жылы Баткен облусундагы «Бужум» чек ара бекетине которулган. Батальондун командири болгон. Артында эки баласы калды.

7-каналдын жалпы жамааты туугандарына көңүл айтабыз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

540