Баткенден келген үй-бүлөлөрдүн балдарына оюн-зооктор уюштурулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен шаарга Баткен облусунан убактылуу жашоо үчүн келген үй-бүлөлөрдөн 60 балага балдар ойноочу «Луна паркта» оюн-зоок уюштурулду.
Алардан шаар мэринин орун басары Гулбарчын Таштанбекова кабар алды. Аталган балдар ойноочу жайы Баткенден келген балдарга акысыз кызмат көрсөтүүдө. Ошондой эле “Bipi” такси кызматы балдарды акысыз жеткирип жатат.
Балдарга эс алууну шаардык Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын эне жана балдар менен иштөө бөлүмү уюштуруп, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен балдарга аз да болсо жагымдуу маанай тартуулоо менен сый-дасторкон да даярдашкан.
Алдыда балдардын маанайын көтөргөн мындай иш-чаралар улантылат.