7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызганычтын түрлөрү. Сиз кайсыл түрүнө киресиз?

643

Кызганыч бул жабыркоого, кыйналууга, азап чегүүгө алып келүүчү сапат. Ашыкча кызганчаактык акыры жакшылык менен аяктабайт. Психологдор кызганычты 5 түс менен бөлүп караган.

Ак кызганыч- Эч зыяны жок, тескерисинче мамиленин бекем болушу үчүн пайдалуу кызганыч болуп саналат. Мындай адам өзүнө да, сүйүктүүсүнө да ишенет, бирок, коргоо ирээтинде керек жерден кызганып коет. Бул мамиледеги нормалдуу көрүнүш. Мындай кызганыч ортодогу маилени бекемдеп турат. Эгерде өзүнүн кызганычы менен түйгөйүн таарынтып алса, ар кандай белектери, сюрприздери менен бат эле жоошутуп алат. Ошол эле убакта сүйгөн адамынан бардык нерсени өзү менен кеңешип жасоосун талап кылат.

Көк кызганыч- Кызганган адамдын психикасынын алсыздыгын билдирет. Ал кызганычтын айынан депрессияга чейин түшүп кетиши мүмкүн. Эркектер жашоодогу кызыкчылыгын жоготуп түнт тартып кетет. Аялдын тынымсыз ыйдан көзү кургабайт. Өзүнө ишенимдүүлүгү таптакыр жоголуп, түгөйү таштап кетерине жүз пайыз ишенип алат.

Жашыл кызганыч- Кызганычтын бул түрү мурункуларынан алда канча кооптуу. Мындай адамдын ою дароо эле түгөйү башка менен болгонуна кетет. Үйгө 10 мүнөт кечиктиби, «көзүмө чөп салды» деген чечимди чыгарып алат. Мындай кызганычтан арылуу үчүн психологго кайрылуу керек болот.

Кызыл кызганыч- Бул кызганычтын агрессивдүү стадиясы. Аны коркунучтуу деп атоого болот. Анткени адам өзүн көзөмөлдөй албай калат. Ошондуктан өз өмүрүнө кол салган учурлар болот. Кызганычтын бул түрү менен ооруган адам түгөйүнүн жумуштан үйгө чейинки жолун мүнөтүнө чейин эсептеп алышы мүмкүн. Ошол убакыттан кечикти дегиче жаңжал башталат. Жаңжалдын аягы кол ктөрүү менен аяктайт.

Сыя кызганыч- Акыркы стадия болгон кызганычтын бул түрү абдан коркунучтуу. Мында адам өзүн кадимкидей эле алып жүрөт. Ал адам башка дүйнөдө жашагандай сезилет. Эгерде сүйгөн адамы көзүнө чөп салса сөзсүз өч алат. Мына ушу сыя кызганычтын айынан трагедиялуу окуялар көп катталат. Мындай адамды бул оорусунан психиатр гана дарылай алат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

644