7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТИМ: Тажикстанды чек арадагы кырдаал боюнча чагымчыл маалыматтарды таратпоого чакырат

344

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча чагымчыл жана жалган маалыматтарды таратуу менен кырдаалды курчутпоого чакырат.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин 2022-жылдын 21-сентябрындагы билдирүүсүн тажик тараптын негизсиз шектенүүлөрү менен отко май тамызып, кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан окуялар тууралуу дүйнөлүк коомчулукту адаштыруунун кезектеги аракети катары баалайбыз.

2022-жылдын 21-сентябрына карата УКМК төрагасы К.Ташиев жана Тажикстандын УКМК төрагасы С.Ятимов кол койгон акыркы Протоколдун бардык пункттарын кыргыз тарап аткарды.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин Тажикстан Республикасы менен чектешкен чек ара аймактарында кыргыз тараптын күчтөрүнүн жана каражаттарынын болушу жөнүндө, ошондой эле Кыргызстандын аймагынан учкучсуз учактар учуп анын аба мейкиндигин бузуп жатат деген божомолдору чындыкка дал келбейт.

Өз кезегинде тажик тарап чек ара аймактарындагы Тажикстандын Мургаб, Исфара жана Лахш облустарынын, ошондой эле «Тамдык» Баткен чек ара отрядынын чек ара заставасы жана «Катта-Туз» Лейлек чек ара отрядынын чек ара посту тарабында жайгашкан оор аскердик техникасын туруктуу жайгаштыруу пункттарына толук кайтарып кеткен жок.

Анын үстүнө тажик тарап мурда жетишилген макулдашууларды бузуп, оор техникаларды алып кетимиш болуп, аларды жарандык транспорт катары жамынып алып, чек арадагы Ворух, Хожайлоо, Сурх жана Ляккон конуштарынын кварталдарына жайгаштырып жатат.

Тажикстан Республикасынын Ворух анклавында жана Кызыл-Арт чек ара ашуусунда чагымчыл ок атуунун бир нече жолу катталган фактыларына карабастан, кыргыз тарап ок атышпоо режимин катуу сактоодо.

Компетенттүү органдар чек арадагы кырдаалга мониторинг жүргүзүү жана турукташтыруу боюнча оор жумуштарды аткарып жаткан чакта, Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин мындай ойлонбой жасаган жана этиятсыз билдирүүлөрү деэскалация, ишеним жана кызматташтык атмосферасын түзүү боюнча бардык аракеттерди жокко чыгарат.

Кыргыз тарап, мурдагыдай эле, жетишилген макулдашууларды катуу карманып, тажик тарапты да ошондой эле абийирдүүлүк менен, анын ичинде тараптар кол койгон Протоколдордун алкагында өз милдеттерин аткарууга чакырат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

345