7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Базар-Коргондо мектеп урап, 150дөн ашык окуучу чатырларда окуп башташат

1053

Базар-Коргон районунун Кара-Жыгач айылында урап калган мектептин окуучулары чатырларда окушат. Окуучулардын билим алуусуна тоскоолдук жаратпоо үчун ататйын чатырлар даярдалган. Бул тууралуу «7-каналдын» Жалал-Абад облусундагы журналисти Руслан Калматов Кеңеш айылынын билдирүүсүнө таянып кабарлады.

Анын айтымында, чатырлар райондогу бир нече ишканалардын жардамы менен даярдалган.

Мындан бир жума мурун Кара-Жыгач айылындагы Алтай Осмонов мектебинин имараты катуу жааган жамгырдан жабыркап, өтө кооптуу абалга келген.

Эске салсак, мектептин имараты 2014-жылы өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан «авариялык абалда» деп белгиленген. Ал эми жогорудагы мектептин кооптуу абалы буга чейин «7-каналдан» чагылдырылган.

«Айыл өкмөт тарабынан жаңы мектеп курууга 0.96га жер ажыратылып, долбоордук-сметалык иш кагаздары даярдалган. Тийиштүү жогорку башкармалыктарга мамлекеттин эсебинен 150 орундуу мектеп курууга кайрылып, иш-аракеттерди көрүп жатабыз. Эски мектепте 150дөн ашык бала билим алат», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1054