7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бейшеналиев «Арчалы» реабилитациялык борборундагы бейтаптар менен жолукту

413

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Арчалы» республикалык реабилитациялык борбордун иши менен таанышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Кыргызстандын Паллиативдик жана хоспистик жардам ассоциациясынын теңтөрайымы Таалайгүл Сабырбекова менен бирге таанышкан.

Реабилитациялык борбордо калкка медициналык жана реабилитациялык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында медициналык-реабилитациялык жана паллиативдик жардам көрсөтүүчү бөлүмдөр ачылган.

Министр бөлүмдү кыдырып, бейтаптар менен баарлашты. Ал инсульт алган бейтаптар дарылангандан кийин жакшы реабилитацияга муктаж экенин белгиледи. Паллиативдик жардам бөлүмүндө тажрыйбалуу кызматкерлер төшөктө жаткан бейтаптарга жардам көрсөтө алышат.

414