7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бейшеналиев COVID-19га каршы дагы бир вакцина алды

496

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарды COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

«Кыргызстанда COVID-19 боюнча абал туруктуу, бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бардык өлкөлөрдө беткап тагынууга жана COVID-19га каршы эмдөө алууга чакырат. Мен да бүгүн эмдөө алдым жана бардык кыргызстандыктарды эмдөө алууга чакырам. Биз бардыгыбыз вакцина менен алдын ала турган оорулар менен, анын ичинде COVID-19 менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмаларынын бири эмдөө экенин түшүнүшүбүз керек. Эмдөө оорулардан коргой алат жана вирусту жуктуруп алуу коркунучун бир топ азайтат”, — деп белгиледи Бейшеналиев.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ДССУ тарабынан алдын ала квалификацияланган жарактуулук мөөнөтү 2024-жылдын июнь айына чейин болгон 150 000 доза көлөмүндө “Синовак” вакцинасы бар. 2024-жылдын биринчи кварталында Pfizer вакцинасынын 20 000 дозасынын келиши күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Алымкадыр Бейшеналиев кайрадан COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүп, министр ДССУнун алдын ала квалификациясынан өткөн «Синовак» вакцинасын алды.

497