Ырчы Бек Борбиев парламенттик шайлоого катышууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу ал “NewTV” телеканалына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, чыгармачылыктан башка дагы иштер менен алектенгенүүгө убакыт келип жетти. Ал шайлоо тууралуу жазылган жаңы мыйзамдар жеңишке мүмкүнчүлүк берет деп ишенет. Бирок ал кайсы партияга кирери тууралуу айткан эмес.
«Азырынча кайсы партия менен барарымды чече элекмин, алгач элге кызмат кылган партияга кошулушум керек. Эми мен дагы эл үчүн ак ниеттүүлүк менен кызмат кылган партияга мандат үчүн ат салышууга даярмын», — дейт ырчы.
Ал Жогорку Кеңеште маданият маселелери менен алектенүүгө ниеттенүүдө.
Эске салсак, өткөн жылдын октябрь айында өткөн шайлоодо ал “Мекеним Кыргызстан” партиясын колдогон. Ал эми 31-августта өлкөнүн “Эл артисти” наамы ыйгарылган.