7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бензин 3,7 сомго, дизель майы 4,8 сомго арзандайбы?

851

Кыргызстандын нефтетрейдерлери бийликке күйүүчү майдын баасын төмөндөтүү үчүн өз сунушун киргизди. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, октябрь айында нефтинин баасы өсүүсүн токтотпойт. Бул Россиянын нефть иштетүүчү заводдорундагы баалардын кымбатташына алып келет.

«Мындан улам жергиликтүү нефтетрейдерлер чекене бааны көтөрүүгө аргасыз болот. Мурдагыдай эле бааны кармап туруу аракети ишкерликке көлөкөсүн түшүрүп, май куюучу жайлардын ишмердүүлүгүн токтотуп салышы толук мүмкүн», — деп айтылат билдирүүдө.

Ички рыноктогу бааларды кармап туруу үчүн Нефтетрейдерлер ассоциациясы кыргыз өкмөтүнө октябрдан декабрь айына чейин салыкты өзгөрүп туруу механизмин колдонууну сунуштады. Тагыраагы, акциз салыгынын ставкаларын убактылуу төмөндөтүп жана дизель майын импорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотуу демилгеленүүдө.

«Бул аракеттер азыркы чекене бааны түшүрүүгө жардам берет. Мисалы, бензин 3,7 сомго, дизель майы 4,8 сомго арзандайт», — дешти ассоциациядан.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын эсептөөсүнө караганда, бул чаралар кабыл алынса нефть иштетүү тармагы 2021-жылы пландык салыгын толугу менен жабат.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын күйүүчү май рыногунда абал КМШ жана дүйнөдөгү кырдаалга салыштырмалуу жакшыраак экени айтылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

852