7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бет тырмачылык кылып атат». Садыр Жапаров Ташов менен Күрөңов боюнча пикирин билдирди

493

Тилекмат Күрөңов кайра эле “биз көппүз, Имамидин Ташов экөөбүз эле эмеспиз” деп бет тырмачылык кылып атат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

«Ооба, туура баамдап жатасыз. Булар экөө эле эмес, артында башка топтор да бар. Бирок аларды эл ээрчибейт. Артында масса жок. Ал топтор булардын артына жашынып алып, шыкактап олтурушат. Булардын баары бийлик эңсеген же мурда “чоң акырдан жем жеп” жүрүп, биз келгенден кийин жей албай калган шылуундар. Тагыраагы, мурда казынадан уурдап байып жүргөндөр же миллиарддаган салыктарды жашырып, чөнтөктөрүн кампайтып келгендер.

Мен “Дордойго” барганда ушулар жөнүндө айттым эле. ККМге каршы чыккандар “арабызда андайлар жок” деп кыйкырып чыгышкан. ККМге каршыбыз деп чыккан элдин ою таза. Эптеп өз көйгөйүбүздү айтып, чечип алалы деп ак ниеттери менен чыгышкан. Арасында мындай арам ойлуулардын бар экенин алар кайдан билсин. “Биз да ККМге каршыбыз, баланча базарда иштейм, түкүнчө базарда иштейм” деп алардын арасына кирип алып, лидер боло калышып, максималдуу түрдө чогулгула дешип, эптеп эл массасын чогултуу, анан баш аламандык уюштуруп, элдин арасынан беш-алтоону аркасынан атып же жардыруучу зат колдонуп, бир нече киши өлүп кетсе, анан “мына бийлик атты, бийлик өлтүрдү” деп кыйкырып чыгабыз, ошону менен жалпы эл көтөрүлүп кетет деген пландары да бар.

Булардын арам ойлору укмуш экен. Бирок биз алардын мындай арам максаттарына жол бербейбиз. Биз да уктап олтурган жокпуз да. Көпчүлүк эл бизге мамлекеттин жана өз тагдырын ишенип бергенден кийин, караламан калктын ишеничин акташыбыз керек.

Тилекмат Күрөңов кайра эле “биз көппүз, Ташов «экөөбүз эле эмеспиз” деп бет тырмачылык кылып атат»,- деди өлкө башчы.

494