7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Беткап кийүү милдеттүү! Чет мамлекетке учуудан мурун эрежелерди билип алыңыз

759

Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб Кыргызстанга кирүү жана чыгуу эрежелерин бекитти.

Кыргыз Республикасына кирүү жана чыгуу эрежелери:

  • Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар эл аралык каттамдар жана автотранспорт каражаттары менен мамлекеттик чек арадан өтүүдө ПЧР-тестинин терс жыйынтыгын (72 саат мурун чыгарылган) же эмдөөнүн толук курсунан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк көрсөтүшү зарыл;
  • ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары документтердин санариптик түрү катары “Мен COVID-19суз саякаттайм” мобилдик тиркемесин колдоно алышат;
  • Учактын бортунда беткап кийүү жана антисептик каражаттарын колдонуу милдеттүү болуп саналат жана учакка COVID-19 клиникалык көрүнүштөрү жок жүргүнчүлөр гана киргизилет. Жүйөлүү себептер менен ПЧР-тесттин мөөнөтү аяктап калса (72 саат ), жүргүнчүлөр экспресс-тестирлөөдөн өтүүгө милдеттүү;
  • 12 жашка чейинки балдарга ПЧР-тестинин терс жыйынтыгы же толук эмдөө алгандыгы тууралуу маалымкат талап кылынбайт;
  • Өлкөдөн чыгуу үчүн ПЧР-тестинин терс жыйынтыгы  (72 саат мурун чыгарылган) же эмдөөнүн толук курсунан өткөндүгү жөнүндөгү күбөлүк  талап кылынат;

«Башка өлкөгө учуу алдында, чет мамлекеттеги учурдагы эрежелерин билип алууңуз  зарыл»,- деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

760