7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эл каттоонун экинчи этабы башталды

460

Биринчи май райондук администрациясында калкты жана турак жай фондун каттоо боюнча жумушчу жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Улуттук статистикалык комитеттин өкүлдөрү, МАБдардын  жетекчилери катышты. Жыйындын жүрүшүндө эл каттоонун экинчи этабынын учурлары талкууланды.

Жыйынтыгында калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, 23-апрелден 2-майына чейин ар кандай себептер менен мурда эл каттоодон өтпөй калгандарды тактоо жана эсепке алуу боюнча контролдук кыдырууларды өткөрүү тапшырылды.

Эске салсак, эл каттоого Кыргызстандын бардык жарандары, өлкөдө туруктуу жашаган же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле эл жана турак жай фондун каттоо учурунда убактылуу жок болгон Кыргызстандын жарандары өткөрүлөт.

Мындан тышкары, алар өлкөнүн, шаардын, райондун аймагында жайгашкан бардык турак жайларды каттоону жүргүзүшөт.

Экинчи этаптагы эл каттоонун мөөнөтү Министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

461