Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб Кыргызстанга кирүү жана чыгуу эрежелерин бекитти.
Кыргыз Республикасына кирүү жана чыгуу эрежелери:
- Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар эл аралык каттамдар жана автотранспорт каражаттары менен мамлекеттик чек арадан өтүүдө ПЧР-тестинин терс жыйынтыгын (72 саат мурун чыгарылган) же эмдөөнүн толук курсунан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк көрсөтүшү зарыл;
- ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары документтердин санариптик түрү катары “Мен COVID-19суз саякаттайм” мобилдик тиркемесин колдоно алышат;
- Учактын бортунда беткап кийүү жана антисептик каражаттарын колдонуу милдеттүү болуп саналат жана учакка COVID-19 клиникалык көрүнүштөрү жок жүргүнчүлөр гана киргизилет. Жүйөлүү себептер менен ПЧР-тесттин мөөнөтү аяктап калса (72 саат ), жүргүнчүлөр экспресс-тестирлөөдөн өтүүгө милдеттүү;
- 12 жашка чейинки балдарга ПЧР-тестинин терс жыйынтыгы же толук эмдөө алгандыгы тууралуу маалымкат талап кылынбайт;
- Өлкөдөн чыгуу үчүн ПЧР-тестинин терс жыйынтыгы (72 саат мурун чыгарылган) же эмдөөнүн толук курсунан өткөндүгү жөнүндөгү күбөлүк талап кылынат;
«Башка өлкөгө учуу алдында, чет мамлекеттеги учурдагы эрежелерин билип алууңуз зарыл»,- деп берилет билдирүүдө.