7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Билим берүү борборунун мурдагы башкы эсепчиси кармалды

656

Свердлов райондук билим берүү борборунун мурдагы башкы эсепчиси подрядчылардан акча чыгарып алуу жана уурдоо боюнча коррупциялык схемага катышкан деген айып менен кармалды.

УКМК тарабынан Свердлов райондук билим берүү борборунун кызмат адамдарына карата ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу фактысы боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин негизинде жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында мамлекетке 8 млн 637 миң сом зыян келтирилгени текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган. Ошентип 2-сентябрда РББнун мурдагы башкы бухгалтери Н.М. бул ишке катыштыгы бар экенин билип калып, мамлекеттен чыгууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Мындан тышкары, тергөө органына биринчи чакыруу боюнча келүүдөн жана «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу республиканын аймагынан чыгып кетүүгө, башкача айтканда, тергөөдөн жашырынууга аракет кылган.

Жогоруда аталлган жаран Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган учурда УКМК Чек ара кызматы тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

657