7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Билим берүү мекемелеринин директорлорун тандоо боюнча квалификациялык тестирлөө башталат

156

Эртең, 25-июлда башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүү уюмдарынын директорлорунун бош кызмат орундарын ээлөө үчүн квалификациялык тестирлөөнүн биринчи этабы башталат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, тестирлөө бала бакчалар, мектептер, лицейлер жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары үчүн бирдиктүү кадрдык резервди түзүүгө багытталган.

Тестирлөөнүн биринчи этабы 25-июлдан 31-июлга чейин өтөт. Талапкерлер документтерин «Мугалим» автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу тапшырышкан.

Жалпысынан 2 миң 147 арыз келип түшкөн. Анын ичинен 1 миң 729 талапкердин документтери кабыл алынып, 90 талапкерге баш тартылган. Ал эми 328 арыз кайра иштеп чыгууга жөнөтүлгөн.

Талапкерлердин саны билим берүү уюмдары боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • бала бакчалар -747;
  • мектептер — 1 миң 137;
  • лицейлер — 116;
  • мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары -147.

Министрлик билдиргендей, конкурстун экинчи этабына катышуу үчүн арыздар 8-августтан 31-октябрга чейин кабыл алынат. Ал эми тестирлөө 16-ноябрдан 27-ноябрга чейин өткөрүлөт.

Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү иштерин Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти жүргүзөт.

157