7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Милиция кызматкерлерине 102 жаңы автоунаа тапшырылды

146

Ички иштер министрлигинде милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө 102 жаңы кызматтык автоунааны тапшыруу боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Автоунаалар Президенттин колдоосу менен милиция кызматкерлеринин мобилдүүлүгүн жогорулатуу, жарандардын кайрылууларына өз убагында жооп кайтарууну камсыз кылуу, профилактикалык иштерди өркүндөтүү жана укук коргоо кызматтарынын сапатын жакшыртуу максатында берилди. Жаңы техникалар участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө коомдук коопсуздукту камсыздоо, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткарууга мүмкүндүк берет.

Автоунааларды тапшыруу аземи Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгын майрамдоонун алдында өткөрүлгөнү өзгөчө символикалуу болду. Заманбап кызматтык автоунаалар кызматкерлердин жарандардын кайрылуулары боюнча окуя болгон жерге тез жетүүсүнө, калкка көрсөтүлүүчү жардамдын жеткиликтүүлүгүн арттырууга жана административдик аймактардагы профилактикалык иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Иш-чарага Ички иштер министри милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков, министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басарлары жана ИИМдин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

147