7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн 16 пайызы акыркы 70 жылда эрип кеткен

259

Акыркы 70 жыл ичинде Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн 16 пайызы эрип кеткен. Бул тууралуу ӨКМге караштуу Гидрометеорология кызматынын директору Даурбек Сакыев Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкө аймагында жалпы 9 миң 959 мөңгү бар. Эң чоң өзгөрүү Талас өрөөнүндө байкалууда. Бул аймакта мөңгүлөрдүн аянты 22 пайызга кыскарган.

Мындан тышкары, Ички Теңир-Тоодо да мөңгүлөрдүн азайышы тездөөдө. Адистер бул көрүнүштү абанын температурасынын жогорулашы жана кардын аз жаашы менен түшүндүрүшөт.

Окумуштуулардын божомолуна ылайык, 2050-жылга чейин чакан мөңгүлөрдүн саны кыйла азаят. Эгерде азыркы жылуулануу темпи сакталса, 2100-жылга карата мөңгүлөрдүн жалпы аянты 30 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн.

Адистердин айтымында, мөңгүлөрдүн эриши суу тартыштыгына, айыл чарбасына жана Борбор Азиядагы азык-түлүк коопсуздугуна таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондой эле бийик тоолуу көлдөрдүн жырылып кетүү коркунучу көбөйүшү ыктымал.

260