Билим берүү жана илим министрлиги өлкө аймагындагы мектептерге медициналык кабинеттерди ачууну көздөөдө. Бул тууралуу маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, учурда айрым окуучулар дары ичип же укол алууга шарт жок болгондуктан мектепке бара албай жатышат.
«Атайын кабинеттер ачылса кант диабети, талма илдети бар балдар мектепке коркпой бара алат. Мектептерге кабинет ачып, медайымдарды штатка алып иштетүү көп балдардын билим алуусуна шарт түзөт”, — деп айтылат бидирүүдө.