7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бир катар кызмат адамдары ЖККУнун сыйлыктары менен сыйланды

265

28-ноябрда Астана шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бир катар кызмат адамдарына ЖККУнун сыйлыктарын тапшырды.

Уюмдун өнүгүшүнө жана бекемделишине кошкон зор салымы үчүн өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү ЖККУнун I жана II даражадагы Ардак белгилери, ЖККУнун Ардак грамоталары, ошондой эле “Жамааттык коопсуздукту чыңдаганы үчүн” жана “Тынчтыкка бирге” медалдары менен сыйланышты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Марат Иманкулов сыйлык алгандарга жигердүү иштери үчүн ыраазычылык билдирип, ЖККУга төрагалыгы учурунда ишмердүүлүктүн жогорку натыйжалуулугун сактоо маанилүү экенин баса белгиледи.

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча сыйлык алгандардын тизмеси ЖККУнун I даражадагы Ардак белгиси: Марат Иманкулов, Коопсуздук кеңешинин катчысы; Муратбек Азымбакиев, Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы; Бактыбек Бекболотов, КР Коргоо министри.

ЖККУнун II даражадагы Ардак белгиси: Марат Маралбаев, УКМКнын Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары – Башкы штабдын начальниги.

ЖККУ ЖКК Ардак грамотасы: Жолдошбек Мамбеталиев, Президенттин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун директору; Тургунбек Дооронбеков, Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти; Асхат Муратканов, ИИМ ББ Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы; Абзалбек Эргешов, Коргоо министрлигинин Эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын Тышкы байланыштар жана верификация бөлүмүнүн улук офицери.

«Жамааттык коопсуздукту чыңдаганы үчүн» медалы: Ааламбек Арыков, УКМК Чек ара кызматынын укуктук камсыздоо башкармалыгынын мыйзам чыгаруу иши башкармалыгынын начальниги; Айчүрөк Набиева, Кыргыз Республикасынын ИИМ МКББ ага инспектору.

266