Өлкө башчы Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.
Биринчи канайым өзүн жакшы сезип жаткандыгы айтылат. Ага эмдөөдөн өткөндөгү убактысы жана дозасы жөнүндө маалыматы бар эмдөө картасынын белгиси тапшырылган.
Кыргызстанда 26-майга карата 5 миң 438 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн, алардын 2 миң 749у экинчи дозасын алгандар. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн жалпы саны 77 миң 481 адамды түзөт. Анын ичинен 27 миң 602си экинчи дозасы менен эмделгендер.