7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек: 13 жаштагы Адинай Жаныбекова үч күндөн бери дайынсыз

793

Бишкек шаардык Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Жаныбекова Адинай Жаныбековнанын жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.

Райондук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, 14-ноябрда шаардын тургуну Ж.Б. арызы менен кайрылып, 14-ноябрь күнү саат 14:30дар чамасында Сүйүнбаев-Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 2008-жылы туулган карындашы Жаныбекова Адинай Жаныбековнаны издөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн. Азыркы учурда дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдүн жүргөн жери белгисиз.

Аталган факт Бишкек шаардык Свердлов райондук милициясынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Белгилери: бою 155-160 см, орто дене түзүлүштө, чачы кара, түз.

Кийими: үстүндө кара куртка, джинсы, ак бут кийим.

«Эгер сиз жогорудагы Жаныбекова Адинай Жаныбековнаны көргөн-билген болсоңуз төмөнкү номерлер аркылуу кабарлап коюуңузду суранабыз:0 555 15-03-41 и 102», — деп айтылат маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

794