7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бишкек башкы архитектуранын» башчысы Асхат Түлөбердиев кармалды

199

«Бишкек башкы архитектуранын» башчысы Асхат Түлөбердиев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаардык мэриясынын жана ага караштуу мекемелердеги коррупцияны аныктоо жана ага бөгөт коюуга багытталган иштердин жүрүшүндө борбор калаадагы жер тилкелерине убактылуу пайдалануу укугун берүүдө мыйзамсыз иш-аракеттер болгондугу аныкталган.


«2017-жылы Бишкек шаардык мэриясынын, Жер ресурстарын пайдалануу башкармалыгынын жана «Бишкек башкы архитектуранын» айрым кызмат адамдары мыйзамсыз баюу максатын көздөп, аукциондордо жеңишке жетишүүгө кызыкдар үчүнчү жактар менен сүйлөшүп алып, жер участокторуна жеңүүчүсү алдын ала белгилүү болгон жалган аукциондорду уюштуруп келишкен», — деп айтылат маалыматта.


Кечээ, 24-декабрда коррупцияга шектелип «Бишкек башкы архитектуранын» башчысы Т.А.Т. (Түлөбердиев Асхат Темирбекович) жана жалган аукциондорго катышып келген З.М.М. кармалды.


Сотко чейинки өндүрүш ишинин материалдары КЖБРга Жазык кодексинин 319-беренеси (Коррупция) менен катталды.
Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

200