Бишкек башкы архитектурасынын жетекчиси Марат Жороевжана анын орун басары Анна Тренина кызматтан кетти. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.
Мамкурулуштун айрым кызматкерлери маалыматты тастыкташты, бирок басма сөз маалымат кызматы комментарий бере элек.
Буга чейин экинчи орун басары Азамат Жаманбалин ээлеген кызматынан бошотулган. Жаманбалин Бишкек мэриясынын Курулуш жана архитектура департаментин жетектегени белгилүү болду.