7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бишкек» ЭЭАнын экс-башчысы Дүйшөн Ирсалиев коррупцияга шектелип кармалды

240

Улуттук коопсуздук комитети “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын Башкы дирекциясы (Бишкек ЭЭА) мамлекеттик мекемесинен акча каражаттарын алуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.


Мамлекеттик мекеменин жооптуу адамдары контролдук жөнөтүүчүлөрдү тартуу менен товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик жана башка сатып алууларды уюштурууда көмүскө кирешелерди алуу боюнча туруктуу схеманы түзгөндүгү аныкталып, ал эми жеткирүүчүлөр түзүлгөн келишимден түшкөн акчадан “Бишкек” ЭЭАнын мурдагы башчысына “откат” берип турушкан.
Ошондой эле, «Бишкек» ЭЭАнын Башкы дирекциясынын каржылык ресурстарын негизсиз сатып алуулар жана чыгымдар түрүндө сарамжалсыз пайдалануу фактылары аныкталды.


Мындан тышкары, коррупциялык механизмди ишке ашыруу максатында, Башкы башкармалыктын товардык-материалдык баалуулуктарын сатып алууга каралган 2016-2020-жылдар аралыгында «Бишкек» ЭЭАнын башкы дирекциясынын жылдык бюджети мамлекеттик бюджетке бөлгөн каражаттарын 2% дан 0,02% га чейин төмөндөтүү менен негизсиз ашыкча бааланган.


«Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши катталды. Ал эми 6-январда Жазык-процесстик кодексинин 98-бөлүгүнө ылайык «Бишкек» ЭЭА дирекциясынын мурунку гендиректору И.Д.И жана директордун милдетин аткаруучу Б.М.А кармалды. Учурда алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

241