7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек эл аралык кино фестивалында өзбек тасмасы баш байген жеңди

602

Кечээ, 21-ноябрда Бишкек эл аралык кино фестивалы расмий жыйынтыкталды. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Эл аралык кино сынакка коюлган 10 тасманын ичинен Гран-Приге “Жекшемби” (Өзбекстан. Режиссёр Шокир Холиков) тасмасы татыды.

Улуттук сынакка коюлган 8 тасманын ичинен “Акыркы көч” (Режиссёрлор Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу) Гран-Принин ээси болду.

Ошондой эле ”Мыкты режиссер”- Айбек Дайырбеков «Эрмен жыты» тасмасы менен, ”Мыкты актер” — Артык Сүйүндүков “Көл” тасмасындагы ролу үчүн (режиссер Эмил Атагелдиев), «Мыкты көркөм аткаруу» — Акжол Бекболотов «Шамбала» тасмасындагы оператордук иши үчүн (режиссер Артыкпай Сүйүндүков) сыйланышты.

«Сагынбай Манасчы» (режиссер  Эрнест Абдыжапаров) тасмасына атайын сыйлык ыйгарылды.

Бишкек эл аралык фестивалы  алгачкы жолу өткөрүлдү. Аталган фестиваль Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналды.

603