7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек: Мэр менен министр Кара-Жыгачтагы бала башчанын курулушун баштап берди

1239
Бүгүн, 26-июнда Бишкек шаарынын четинде жайгашкан Кара-Жыгач конушуна алгачкы балдар бакчасынын курулушу башталды.  2 кабаттан турган имараттын жерпайына капсуланы Билим берүү жана илим министри  Болотбек Купешев менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов салып берди.
140 балага ыңгайлашкан бакча Исакеев менен Кара-Жыгач көчөлөрүнүн кесилишине курулууда. 2 кабаттан турган имаратты  «Олимп и Ко» курулуш компаниясы куруп жатат. Мэриянын маалыматына ылайык 2022-жылды август айына бүткөрулүп, ишке берилет.
Имараттын биринчи кабатында ойной турган бөлмөлөр, кампа, ашкана, жатакана, жуунуучу жай жана техникалык бөлмөлөр жайгашат. Ал эми экинчи кабатында музыкалык-гимнастикалык зал, методикалык класс, балдар ойной турган залдар жайгашат. Канча каражат каралгандыгы ачыкталган эмес.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1240