7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек мэриясында бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду

454

Бишкек мэриясында бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулуп, айрымдарына сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи май райондук администрациясына текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө комиссия калаанын борбордук районун жаңы жылдык майрамга даярдоо боюнча пландуу иштердин жоктугун аныктады (текшерүү учурунда муниципалдык администрацияда көрсөтүлгөн массалык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы, ИИБ жана ӨКМБ менен биргелешкен пландардын ж.б. жоктугу), ошондой эле башка олуттуу уюштуруу кемчиликтери аныкталган.

«Ала-Тоо» аянтынын жана ага жакын жайгашкан шаардыктар жана эл көп жүргөн жерлердин абалы менен таанышуу, ишенип берилген аймакты көрктөндүрүү жана тазалоо, Ала-Тоо аянты да жана анын айланасында өрт жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу, Бишкектин борбордук аянтында башаламан сооданы жоюу маселелерине карата Биринчи май районунун жетекчилеринин шалаакы мамилеси жөнүндө тыянак чыгарууга мүмкүндүк берди.

Ошондой эле кызматтык иликтөө жүргүзүү боюнча комиссия тарабынан КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевдин көмүскө жайларга каршы күрөшүү иштерин уюштуруу тапшырмасын аткаруу боюнча борбордун Биринчи май району боюнча муниципалдык администрациянын иши иликтенген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Биринчи май райондук муниципалдык администрациясынын башчысы М.Осмонов жана №14 МАБ башчысы А. Б. Төлөкулов тарабынан бул тапшырманы ишке ашыруу боюнча жетиштүү чаралар көрүлбөгөндүгү, формализм жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүнүн жетишсиздиги аныкталган.

Көмүскө жайлардын ишмердүүлүгүнүн улантылышы Бишкектин райондорунун жетекчилеринин өздөрүнүн кызматтык милдеттерине жоопкерчиликсиз мамилесинин кесепети болуп саналат, бул тууралуу мэр Жунушалиев жыйында акимдерге эскерткен. Ошондой эле, бүгүнкү мэриядагы жыйындын жыйынтыгы менен акимдерге жана шаардык ички иштер башкармалыгына бул багыттагы иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.

Комиссиянын корутундусунун негизинде мэрия Биринчи май районунун башчысы М.Осмоновду, Биринчи май районунун акиминин орун басары Ч.Байсовду, Бишкек шаарынын №14 муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы А.Төлөкуловду ээлеген кызматынан бошотуп, бир катар башка кызмат адамдарына сөгүш жарыялады.

455