7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек -Нарын авиакаттамына 1000 сомдук билет: Акция 31-августка чейин уланат

153

«Кыргызстан аэропорттору» ААК Asman Airlines авиакомпаниясынын Бишкек -Нарын -Бишкек багыты боюнча акциясынын мөөнөтү 2026-жылдын 31-августуна чейин узартылганын билдирди.

Маалыматка ылайык, акция алгач 31-июлда аяктамак. Бирок жүргүнчүлөрдүн жогорку суроо-талабына байланыштуу аны дагы бир айга узартуу чечими кабыл алынган.

Акциянын алкагында Бишкек -Нарын багыты боюнча авиабилеттин бир тарапка болгон баасы 2 100 сомдун ордуна 1 000 сомду түзөт.

Мындан тышкары, Казарман -Бишкек каттамындагы акциялык тариф да күчүндө калууда. Ал 2026-жылдын 26-сентябрына чейин уланат. Бул багыт боюнча бир тарапка билеттин баасы 3 100 сомдун ордуна 2 100 сомду түзөт.

Компания белгилегендей, акциянын мөөнөтүн узартуу аймактардын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ички туризмди өнүктүрүүгө жана калк үчүн жеткиликтүү авиакаттамдардын санын көбөйтүүгө багытталган.

Акциялык тарифтер боюнча авиабилеттерди www.asmanairlines.kg расмий сайтынан жана Asman Airlines мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алууга болот.

154