Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда балалуу аялды унаа сүзүп кетип жеринен каза болушту. Бул тууралуу 7-каналга Чүй облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-сентябрь күнү болжол менен саат 19:30 чамасында Бишкек- Нарын-Торугарт жолунун 93-чакырымында Мерседес Спринтер 412 үлгүсүндөгү (грузовой фургон левый руль) унаасы батыштан чыгышты көздөй башкарып бара жатып Жаңы алыш айылынын жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп алган.
Кырсыктын кесепетинен, 1982-жылы туулган Б. Ч. Д. жана анын баласы 2020- жылы туулган М. Э. Н. жол кырсыгы болгон жерден каза болду.