7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек-Ош такси кылган айдоочу жүргүнчү каза болуп калганын жеткенде гана байкаган

8624

Бишкектен Ош шаарына такси менен барган кытайлык жаран көздөгөн дарегине жетпей мерт болду. Бул туурасында  «Турмуш» басылмасы өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

Маалыматты Ош ШИИБинин басма сөз кызматы да тастыктап, окуя боюнча  2-июндан 3-июнга карган түнү тез жардам кызматыкабарлагынын билдирди.

Маалыматка ылайык таксинин айдоочусу кытайлык жаран кайсы жерде көз жумганын билген эмес. Ал жолоочу уктап жатат деп унаасын айдап келе берген. Анын каза болуп калганын Оштогу мейманканалардын бирине жетип токтогондон кийин билген.

«Бишкектен Ошко такси менен келе жаткан кытайлык 1973-жылы туулган Л.Х. каза болгону аныкталды. Анын эмнеден улам каза болгону азырынча белгисиз. Таксинин айдоочусунун айтымында, ал көз жумганын Ошко келгенде билген. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине мезгилсиз өлүм деп катталды. Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза түзүлүп, бүгүнкү күндө тергөө иштери унанууда», — деп билдирди башкармалык.

Азырынча таксиде башка жүргүнчүлөр бар болгондугу тууралуу маалымат жок. Экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Алгачкы маалыматтар боюнча жүргүнчүнү жүрөгү кармап калганы болушу мүмкүн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

8625