Бишкек-Ош унаа жолунун 187-чакырымында жол кырсыгы катталып, Мерседес-Бенц Гигант үлгүсүндөгү унаасы менен Лексус RX 350 унаалары сүзүшүп, жол кырсыгынын кесепетинен Лексус унаасынын айдоочусу жеринен каза болуп, 3 адам жабыркады . Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, куткаруу ишине 154-чакырымда нөөмөттө турган Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун (КДМБ) куткаруучулары тартылып, жеринде иш алып барышкан.