7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарында Интерпол издеп жүргөн болгариялык жаран кармалды

611

Бишкек шаарында Интерпол издеп жүргөн болгариялык жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

«Интерполдун Кыргызстандагы улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн Болгариянын жаранын кармашты. Өз өлкөсүндө өтө ири өлчөмдө акчаны алдап алганы жана салык төлөөдөн качканы үчүн укук коргоо органдары анын изине түшкөн. Маалыматтарда кылмыш иши 2010-жылы жасалганы айтылат. Бирок 2018-жылдан тарта издеп башташкан. Учурда эл аралык издөөгө алган тарапка — Интерполдун Софиядагы Улуттук борбордук бюросуна (Болгария) кабарланды», — деп айтылат маалыматта.
Кармалган киши Бишкекке 2018-жылы келип, тергөөдөн жашырынып жүргөн жана кыргызстандык аялга үйлөнүүгө да жетишкен.

612